7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

469

 

 

Бүгүн, 12-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Өзбекстан менен парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу өнүгүшүнө абдан кызыкдар экенин билдирди. Кыргыз тараптын 2019-жылы эле пландалып, бирок бир катар объективдүү себептерден улам кийинкиге жылдырылган Танзила Нарбаеванын Кыргыз мамлекетине боло турган расмий сапарын күтүп жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, президент эки элдин ортосундагы достукту бекемдөөнүн олуттуу факторлорунун бири катары маданий диалогдун маанилүүлүгүнө токтолду.

Бул өңүттө ал жергиликтүү элдин, жаштардын ортосундагы өз ара бир туугандык мамилелерин чыңдоо максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара райондорунун аймагында маданий-спорттук иш-чараларды көп-көп өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелери келечекте да бул чөлкөмдүн туруктуулугун камсыздоого, ошондой эле заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө кызмат кылаарын бекем ишеним менен билдирди.

Танзила Нарбаева Садыр Жапаровдун сапары эки мамлекеттин мамилелеринин жаңы барагын ачып жатканын белгиледи.

 

470