Ош шаарынын шаардык перинаталдык борборунда төрөт учурунда жаш келин көз жумган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
30 жаштагы келин 25-мартта кош бойлуулуктун 33 жумалыгында оор абалда төрөт үйүнө түшкөн. Анын жүрөгүндө кемтик бар болуп, шашылыш түрдө кесарево жасоо чечими кабыл алынган. Салмагы 2 кг 350 гр болгон кыз жарык дүйнөгө келди.
«Келин реанимация бөлүмүндө эс-учун билбей жаткан. Дарыгерлер бир нече ирет консилиум өткөрүп, көрүлгөн чараларга карабастан 3-апрелде каза болду. Ымыркай 6-апрелде патология бөлүмүнө которулган. Ал айына жетпей төрөлдү», — деп берилет билдирүүдө.