7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Казакстан гарыш сапары» улуттук космос борборуна барды

455

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында «Казакстан гарыш сапары» Улуттук космос борборуна барды.

Ал жакка барганында Казакстандын космостук жетишкендиктери жана космостук аппараттарды чогултуу-сыноо комплексинин иши көрсөтүлдү.

Казак адистери космостук мониторинг жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти, космостук аппараттарды жасоо этаптары жана даярдалган тетиктердин үлгүлөрү менен тааныштырды. Мындан тышкары, Президент жана расмий делегациянын мүчөлөрү космоско жөнөтүлгөнгө чейин спутниктерди сыноо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан аймактарды карап чыгышты.

Борборго барганында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов коштоп жүрдү. Эки өлкөнүн космос тармагындагы өнөктөштүгүнө да көңүл бурулду.

456