Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда 1 жеңил унааны сел суусу агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон. Эки аял менен баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.
Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылган. Жергиликтүү жарандын жансыз денесин таап, туугандарына өткөрүп беришти.