7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусунун бир катар айылдарында сел жүрдү

425

Бүгүн, 20-апрелде жаап өткөн жаандын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Чаеке айылында сел жүрдү.

Ошондой эле Ош облусунун Алай районундагы Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүрүп, Гүлчө–Жошолу ички чарбалык унаа жолунун 7 чакырымы жабылган. Жерине Тилектеш айыл аймагынан грейдер тартылып, унаа жол саат 19:30 тазаланып ачылган.

Мындан тышкары, жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүрдүн кесепетинен Алай районунун Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында сел жүргөн. Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ тартылган.

20-апрелде саат 17:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош–Гүлчө–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 45-49-чакырымдарынын 2 тилкесинде сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жолду сел калдыктарынан тазалоо үчүн 2 автогрейдер тартылды.

426