7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү өзбек актёру Адиз Раджабов тууралуу фактылар

792

Көпчүлүк күйөрмандардын жүрөгүнөн орун алган сахна жылдызы, өзбек актёру Адиз Раджабовду тасмалардан көрүп эле жүрсөңүз керек. Айрымдары бул актёрдун жараткан ролдоруна суктанып келишсе, айрымдары өзүнө кызыгып келишет. Жеке жашоосун коомчулукка чыгарууну жактырбаган Адиз Раджабов тууралуу фактыларды топтодук. 

1. 1984-жылы 6-январда Бухарада (Өзбекстан) жарык дүйнөгө келген.

2. Апасы бала тарбиялоо менен алек болсо, атасы мугалим болуп эмгектенет. Ата-энеси баласынын актёрлукка болгон кызыгуусун колдоп келишкен.

3. Орто мектепти аяктаган соң, 2005-жылы Ташкент мамлекеттик театр жана искусство институтуна тапшырган.

4. Кино карьерасы «Мураскорлор» тасмасында башкы ролдордун бирин ойногондо башталган. Бул тасма жаш актёр үчүн чыныгы ачылыш болуп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган.

5. Актёр түрдүү жанрларда көптөгөн ролдорду жаратып, атактуу режиссёрлор менен иштешет. Актёрлук чеберчилиги менен өзгөчөлөнүп келгенин айта кетсек болот.

6. Ал тасмаларга роль жаратуу менен гана чектелбей, спектаклдерге активдүү катышып, көптөгөн ролдорун театр сахнасында жеткире ойноп келет.

7. Жеке жашоосу тууралуу коомчулукка чыгарганды жактырбайт.

8. Жубайы анын «ишенимдүү шериги жана колдоочусу» экендигин маектердин биринде айткан.

9. Эки баласы бар, бир уул жана бир кыз. Балдарына көп убакыт бөлөт.

7. Адиз Раджабовдун аткарган ролдору: «Ты любишь меня», «Волки», «Супер невестка», «Поймапой», «Похититель моей души», «От себя к себе», «Грустное приключение», «Глаз сердца», «Висол», «Привет любовь,пока любовь», «Мое ожерелье», «Кечир Фрзандим», «Дорога в Устюрт», «Делбирим», «Мукими» жана башкалар.

 

793