7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамфинкөзөмөлдүн кызматкери пара менен кармалды

606

УКМК Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкери тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысын аныктады.

А.у.Н аттуу жаран автосалондун аянтынын бир бөлүгүн ижарага алып, ал жерде ар кандай үлгүдөгү автоунааларды сатканы аныкталган. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн жарнамалоо максатында унаа лотереясын уюштурган. Апрель айында автосалонго Мамфинкөзөмөлдүн кызматкери Ш.Э.Ш. келип, өзүн көзөмөл органынын кызматкеримин деп тааныштырып, алардын иш-аракети мыйзамсыз экенин айткан. Мындан ары кылмыш ишин козгоо менен текшерүүнү уюштурушу мүмкүндүгүн айтып моралдык-психологиялык кысым көрсөткөн. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

26-апрелде Финансылык көзөмөл кызматынын кызматкери өз иш бөлмөсүндө 53 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Ал арыз ээсин соода борборлордун бирине келип, банкомат аркылуу сумманы өзүнүн жеке эсебине которууга мажбур кылган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралар улантылууда.

 

 

607