7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте жолукту

366

24-майда Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин кезектеги 54-жыйыны болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын кызматтардын жетекчилери президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, алар ачык жана конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле, атайын кызматтардын ролун күчөтүү, алардын ишин өркүндөтүү жана коркунуч күчөгөн шартта мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгы кошумчаланды.

Коопсуздук органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында тараптар уюшкан кылмыштуулукка, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча сунуштарды жана демилгелерди, анын ичинде 22-мартта Россиянын Краногорск шаарындагы “Крокус Сити Холлдо” болгон терактты иликтөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Жыйындын катышуучулары аймактык туруктуулук жана коопсуздукка байланыштуу актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Аны менен катар, катышуучулар көп тараптуу кызматташуу аянтчасынын коопсуздук жаатындагы суроо-талабын белгилешип, КМШ мейкиндигинде мындан ары да, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Белгилей кетсек, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин жыйынынын экинчи жарымы 2024-жылы Казакстанда өтөөрү күтүлүүдө.

 

367