7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевдин уулу футбол курама командасынын кеңейтилген курамына кирди

578

Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатына жана 2027-жылкы Азия Кубогунун июнда өтө турган тандап алуу оюндары үчүн даярдыктын алкагында өтө турган жыйынга кураманын кеңейтилген тизмесин жарыялады.

33 оюнчудан турган курама 27-май – 4-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Беттештерге болгон билдирмеге 23 гана оюнчу кирет, акыркы тизме 3-июнда белгилүү болот.

Камчыбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча улуттук курама команданын кеңири тизмесине кирди. Эмир-Хан Кыдыршаев Италиядагы Паоло Росси атындагы футбол академиясында билим алып, кийин испан клубдарында машыккан.

Улуттук курама тандап алуу оюндарынын алкагында 6-июнь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Малайзияга каршы кез келет. 11-июнда Омандын борбор калаасы Мускат шаарында Оман улуттук курама командасы менен ойнойт.

 

579