7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илим Карыпбеков эверест чокусунан президентке ыраазычылык билдирди

537

Мекендешибиз Илим Карыпбековдун Эверестке экинчи жолу чыгуу аракети ийгиликтүү аяктап, дүйнөнүн эң бийик чокусуна кыргыз желегин көтөрдү. Ал жеңишин билимге арнап, экспедицияга колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.

«Дүйнө чокусу ийгиликтүү кабыл алып, аман эсен кетирди! Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик. Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок аба ырайынын айынан, өмүр-жашоо сызыгына чейин келип, 8350-8400 метр бийиктикке чыгып, жете албай кайтып келдим. 4-5 күн даярданып, чоң сыноолордон өтүп, кайра аттанып, мунусун жол ийгиликтүү болду. Баарын шашпай айтып берем. Колдооңорго ыраазымын! Бул текстти Эверест негизги жатагынан Катмандуга тик учак менен учуп баратып жазып жатам. Көрүшкөнчө!», — деп жазган ал.

538