7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер оркестрлеринин концертине келип, көңүл ачып кетиңиз!

470

Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта эртең, 29-майда «Мекен артык өмүрдөн» аттуу концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата уюштурулууда. Концертке Коргоо министрлигинин солисттери жана оркестри катышып, патриоттук ырларды жана Куралдуу күчтөрүнүн салттарын чагылдырган чыгармаларды аткарышат.

Бишкектеги иш-чара аяктагандан кийин Коргоо министрлигинин чыгармачыл тобу өлкөнүн түштүгүндө өз чыгармаларын тартуулайт.

— 1-июнда Баткен шаарында;
— 3-июнда Жалал-Абадда;
— 5-июнь күнү Ош шаарында өтөт.

Буга чейин концерт Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн. Коргоо министрлиги Бишкек шаарынын бардык тургундарын жана конокторун концертке келүүгө жана таланттуу артисттердин жагымдуу чыгармаларынан ырахат алууга чакырат.

471