Өткөн күнү, Бишкекте Швейцариянын «La Landwehr de Fribourg» оркестри менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн оркестри биргелешкен марш-парад өткөрдү.
Музыкалык жүрүш шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу өтүп, Улуттук тарых музейинин жанында жыйынтыкталды.
1804-жылы негизделген бул швейцариялык оркестр Борбор Азияга алгачкы жолу келди.
Иш-чара эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө багытталган. Бул программа 22-октябрда Улуттук опера жана балет театрында өтө турган «Эки тоолуу өлкөнүн обону» аттуу концерт менен уланат.
Анда кыргызстандык жана швейцариялык композиторлордун чыгармалары аткарылат.



