Кыргызстан эл аралык Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн Solo Adventure Travel 2026 рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.
Орунбеков билдиргендей, бул рейтингде өлкөлөрдүн туристтер үчүн коопсуздугу, жаратылышы, тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрү, саякаттын жеткиликтүүлүгү жана уникалдуу маршруттары эске алынат. Мунун артында өлкөбүздөгү саясий туруктуулук, коопсуздуктун бекемделиши, мамлекеттик реформалар, инфраструктуранын өнүгүшү жана дүйнөгө ачык болуу саясаты турат. Азыр Кыргызстан дүйнөлүк туристтик платформаларда кооз жаратылышы, меймандостугу, саякат үчүн ыңгайлуу шарттары менен таанылууда.
Айрыкча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш чаралардан кийин кызыккандардын саны өстү.
Албетте, биздин тоолорубуз, көлдөрүбүз, керемет жаратылышыбыз мурда деле бар болчу. Өзгөргөн нерсе өлкөнүн туруктуулугу, дүйнөгө таанылышы жана туристтердин Кыргызстанга болгон ишеними.
ТОП-10 өлкөнүн тизмеси:
🇰🇬 Кыргызстан
🇮🇹 Италия
🇯🇵 Япония
🇵🇹 Португалия
🇺🇿 Өзбекстан
🇷🇪Реюньон аралы (Франция)
🇪🇸 Испания
🇳🇴 Норвегия
🇹🇿 Танзания
🇳🇵 Непал
Бул жөн гана туристтик рейтинг эмес. Бул Кыргызстандын эл аралык имиджи бекемделип жаткандыгынын дагы бир жакшы белгиси», — деп жазды Орунбеков.



