7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев Чэнду шаарынын мэри менен жолукту

469

Муниципалитеттин жыйындар залында мэр Айбек Жунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчао жетектеген делегациянын жолугушуусу болду.

Тараптар өлкөлөрдүн жетекчилиги, президент Садыр Жапаров менен КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгы түзүлүп, шаарлар аралык байланыштар активдүү бекемделип жана кеңейтилип жатканына ишеним билдиришти.

Жунушалиев ошондой эле акыркы жылдарда кыргыз-кытай мамилелери бекемделип жатканын баса белгилеп, Чэнду шаары менен эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү Бишкек үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу экенин белгиледи. Ван Фэнчао соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууну, ошондой эле инвестициялык демилгелерди жана соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн Бишкектин Чэнду шаарында өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады.

«Бул менин Бишкек шаарына биринчи жолу келишим. Шаар жаш жана гүлдөп өнүккөн”, — деп белгиледи Ван Фэнчао. Айбек Жунушалиев келечектеги инвестициялык долбоорлор транспорт, маданият жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарына байланыштуу болорун кошумчалады. Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди.

24-октябрда Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында Бишкек шаары менен Чэнду шаары өз ара байланыш түзүлгөн.

470