2024-жылдын 26-майынан 1-июнга чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу, Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, профессор Токон Мамытов менен маек.
– Чек арасын Кыргызстан өзү коргосун деп орусиялык чек арачылар 1999-жылы биздин аймактан чыгып кеткен, ошондо биз өзүбүздүн Чек ара кызматын түзгөнбүз, ал кезде каржы жагынан кыйналып, бир топ чайналганбыз, бирок акырындап бутубузга турдук жана Чек кызматы азыр күч түзүмдөрү ичиндеги эң алдыңкы кызматтардын бири. Жалпы куралдуу күчтөрүбүз дагы акыркы жылдары бир топ күчтөндү жана айрым куралдарды өз акчасына сатып ала баштады, бирок ЖККУга кирген мамлекеттерден дагы жардам ала бериш керек, анткени Кыргызстан өзүнүн гана эмес, алардын дагы коопсуздугун коргоп жатат…
– Мурда биз – кыргыз жаштары эмгек миграциясына кетип жатканын гана билчүбүз, акыркы мезгилде Кыргызстанга дагы башка мамлекеттерден эмгек мигранттары келе баштады, бул – Кыргызстан жалпы дүйнөлүк иштерге тереңирээк жана кененирээк аралашып жатканын көрсөтөт. Мындай миграция дайым эле болгон жана боло берет, советтик мезгилде гана болбой калган, анткени СССР «темир көшөгө» менен курчалган. Эми биз жалпы эл аралык аракеттерге кеңири катышып жашаш керекпиз жана 18-майга караган түнү чет өлкөлүк студенттерге каршы болгон терс окуялар башка кайталанбаш үчүн маданият деңгээлин көтөрүш керек…
– Бишкектин Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз тургузулуп калган үйлөр менен башка имараттарды түрттүрүп салуу үчүн укуктук негиз керек, айрым үйлөр үчүнчү-төртүнчү колго өтүп кеткен, ошондуктан алардын азыркы ээлеринин күнөөсү жок. Маселени өтө кылдат жана мыйзам чегинде гана чечиш керек, эң негизгиси – парктын аймагына үй куруу иштери кантип алгач башталганын иликтеп, күнөөлүүлөрдү таап-жазаласа, ошондо мыйзам үстөмдүгү орнойт эле. Өтө кылдат аракеттениш керек…
Жумадагы негизги окуялар:
– 28-май күнү Кыргызстанда Чек арачылар күнү, ал эми 29-майда – Куралдуу күчтөр күнү белгиленди.
– Бүгүн, 1-июнь, Балдарды коргоо эл аралык күнү.
– Өткөн ишемби күнү президент Жапаров Чолпон-Атадагы «Акылман» лицейине барып, окуучулар жана мугалимдер алдында сөз сүйлөдү.
– Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Ибн Сина атындагы балдарды реабилитациялоо борборунун жаңы имаратын ачты.
– Президент Жапаров бүгүн «Кабар» агенттигине интервью берип, Коррупцияга каршы эл аралык борбор, «Темиров-лайв» жана «Клооп» басылмаларынын сынына жооп берди. Алар – алдыңкы курулуш компанияларынын ишине президенттин уулунун достору катышат деп чыккан, президент болсо – силердин ишканаңар деле келсин – баарыңарга жумуш табабыз деп билдирди.
– Орусиянын «Россия-24» деген мамлекеттик телеканалы 29-май күнү Акылбек Жапаров менен болгон 16 мүнөттүк маекти көрсөттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
– Акылбек Жапаров кечээ күнү Ош мамлекеттик университетинин Илимий кеңешинде чыгып сүйлөгөндө, Садыр Жапаровдун командасы улуттук кемсинүү ызасын токтотту деп билдирди.
– Жогорку кеңештин спикери Нурлан Шакиев – Аксы районунун сел жүргөн аймактарын кыдырып келди.
– 30-май күнү Казакстандын каржы министри Мади Такиев Бишкекке келип, кыргыз экономика министри Данияр Амангелдиев менен жолугушуу өткөрдү.
– 30-май күнү президент Садыр Жапаров Фейсбук аркылуу элге кайрылып, айрым ишканалар токтоо алдында турат, жумуш күчү жетишпейт, кимде-ким жумуш таппай жүрсө, Эмгек министрлигине кайрылгыла деп билдирди.
– 2019-жылы уран менен торийди өндүрүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку кеңеште 29-май күнү биринчи окууда кабыл алынды.
– Саясий партиялар менен диний уюмдар, профсоюздар менен кооперативдер Салык кызматына отчёт берүүгө тийиш деген мыйзам Жогорку кеңештин комитетинде кабыл алынды.
– Парламентте – Кылмыш жобосуна өзгөртүү киргизип, «ала качуу» деген сөздөрдүн ордуна «адамды уурдоо» деген термин киргизүү сунушталды.
– Мажарстандын элчилиги атактуу мажар тюркологу Иштван Коңур Мандокинин 80 жылдыгына утурлай ал тууралуу китептин бет ачаарын өткөрдү.
– Акылбек Жапаров 30-май күнү Кара-Суу районунда жаңы мектепти ачып жатып, көп жылдан бери курулуп, бирок бүтпөй жаткан мектептердин 80 пайызы бүтүп калды деп билдирди.
– Жогорку кеңештин комитети – Көл аймагындагы эс алуучу жайларды чет өлкөлүк жарандарга сатууга уруксат берген жаңы мыйзам долбоорун жактырды.
– Бишкектин Октябрь районунда тергөө алдындагы шектүүлөргө электрондук билерик тагыла баштады.
– Бишкек менен Ошто бир топ негизги көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери башталды.
– Ататүрк паркында 28-май күнү айрым курулуштар түрттүрүлө баштады, бирок айрым башка курулуштар дагы деле уланып жатат.
– Токиодогу Тил университетинде Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча окуу китеби басып чыгарылыптыр, анын автору – ошол университетте иштеген Жакшылык Акматалиева экен.
– Эр-Төштүк эпосу украин тилине которулуп, анын бет ачаарына Кыргызстандын Киевдеги элчиси Идрис Кадыркулов катышты.
– Сентябрда Астанада өтө турган Бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун программасына кокпар менен кошо көк-бөрү дагы кирди.
– Футбол боюнча салттуу «Мурас» мелдеши өткөрүлдү, ага 16 тайпа катышып, «Ден соолук» командасы жеңип чыкты, президент Жапаровдун тайпасы 4-орунду ээледи.
– Ташкенде өткөн пара-армрестлинг боюнча Азия чемпионатына Кыргызстандан 17 спортчу барып, 16 медаль утуптур. Командалык эсепте Кыргызстан 2-орунга чыгыптыр.
– Борбор Азиянын футбол федерациясы Душанбе шаарында өткөргөн 15 жашка чейинки кыздар арасындагы чемпионатта Кыргызстан 3-орунду ээледи.
– Өткөн аптада бир нече журналист ар башка дарыканаларга барып, дары бааларын салыштырган, мамлекеттик «Эл Аман» дарыканаларындагы кээ бир дарылар 2 же 3 эсе арзан болуп чыкты.
– ФОМСтун айтымында, Кыргызстанда окуп жаткан 40 миңге жакын чет өлкөлүк студенттин 7 миңи гана медициналык жактан камсыздандырылган экен.
– 30-май күнү Кыргызстанга Мухаммад Салим жетектеген Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү келип, министрдин орун басары Алмаз Имангазиев менен жолугуп кетти.
– Тышкы иштер министрлигинин айтымында, азыр өлкөдө Индия, Пакистан жана Бангладештен келген 24 миң адам бар, алардын 11 миңи Кыргызстандын медициналык уюмдары тарабынан камсыздандырылган.
– Чет өлкөлүк студенттерге каршы болгон аракеттер менен байланыштуу Свердлов райондук милициясынын башчысы Женишбек Абитов кызматынан алынып, анын ордуна Уланбек Аалиев дайындалды.
– Балыкчы шаарында болгондо президент Жапаров – Асман шаары 10 күндөн кийин курула баштайт деп билдирди.
– Кыргызстандагы ландшафтты калыбына келтирүү программасына Дүйнөлүк банк 52 жарым млн доллар бөлмөй болду.
– Жапония өкмөтү Кыргызстандын улуттук ооруканасына компьютердик томограф орнотуп бериптир, бир изилдөө 1 миң 400 сом турат экен.
– Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымы Бакыт Тыналиева жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат кызматтарынан кетти.