7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө жол жээгине туристтерди тейлей турчу жайлар салынууда

443

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев туристтик тейлөө борборлорунун курулушун текшерди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.

Ал алгач Балыкчы жана Түптөгү борборлорго баш багып, жумуштун жыйынтыгын жана даярдык деңгээлин көрдү. Министрдин орун басары туристтик тейлөө борборлорунун курулушу Ысык-Көлдөгү инфраструктураны жакшыртып жана Кыргызстанга келген коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин билдирип, туризмди өнүктүрүүдөгү бул долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер үчүн жол жээгиндеги жагымдуу инфраструктураны түзүүгө багытталган долбоор бардык керектүү кызматтарды камтыйт.

Балыкчыдагы туристтик тейлөө борборунун ачылыш аземи июнь айынын орто ченине пландаштырылууда.

 

 

 

444