7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадга Наманган облусунун жетекчилиги баштаган делегация келди

732

Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосундагы кызматташуунун алкагында, бүгүн, 18-мартта Наманган облусунун башчысынын орун басары Окибжан Инамов баштаган делегация келди. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абад облусундагы журналисти Руслан Калматов билдирди.

Маалыматка ылайык, конокторду жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Маданият чек ара өткөрүү бекетинен тосуп алышкан. Жалал-Абад шаарында эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, түзүлгөн келишимдердин алкагында жолугушууда Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагына жана Шамалды-Сай шаарчасында биргелешкен ири логистикалык борбор куруудагы даярдыктар жеринде талкууланат. Аталган аймактар чек арага жакын жайгашкандыгына байланыштуу тандалып алынган.

«3 бөлүктө ишке ашырыла турган логистикалык борбордун биринчи этабынын курулушу ишкерлер тарабынан каржыланат. Ал эми калган этаптарын Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Өзбекстандан келген делегациянын курамындагы ишкерлер Майлуу-Суу лампа заводунун иши менен таанышып, логистикалык борбор курула турган жерге барып таанышышат. Ал эми Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ортосунда 22 пунктан турган келишимге Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарында кол коюлган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

733