7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  

Курсы валют:

84,82
USD –0,01%
102,16
EUR +0,24%
1,11
RUB +0,51%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
6°C

Жалал-Абадда 5 район жетекчиси сынактан өтпөй калды

8109

Жалал-Абад облусунда район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу «7-каналдын» Жала-Абаддагы журналисти Руслан Калматов билдирди.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев билдиргендей, Жала-Абадда 5 райондун жетекчиси сынактан өтпөй калышкан.

«Ноокен районунун акими жана биринчи орун басары, Аксы районунун акиминин биринчи орун басары ээлеген кызматына татыктуу эмес деп табылды. Ал эми Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары жана Чаткал районунун башчысынын орун басары алгачкы тесттен жетиштүү упай ала албай калган», — деп берилет маалыматта.

Буга чейин Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондорунун акимдеринин кызмат ордуна сынак жарыяланган. Ал эми Чаткал районунун акими өз арызы менен кызматын тапшырып, сынакка кирген эмес.

Ошондой эле Сузак районунун акиминин эки орун басары тең шарттары туура келбей, сынакка катышышкан жок.

One thought on “Жалал-Абадда 5 район жетекчиси сынактан өтпөй калды

  1. Экинчи вице акимдер не болушту? Алар дагы аттестацияга кетишпеди беле?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

8110