7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстанга жөнөп кетти

574

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда Шанхай Кызматташтык Уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин (ШКУ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.

4-июлда өтө турган ШКУ МБК жыйынында катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров ШКУ саммитинин талааларында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;
— Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;
— Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Кыргызстандан ШКУнун улуттук координатору Казыбек Кочконов.
575