7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасына чекит койду

792

Абсолюттук мушташ чемпионатынын (UFC) чемпиону орусиялык Хабиб Нурмагомедов 32 жашында расмий түрдө карьерасын токтотту. Бул тууралуу UFC уюмунун башчысы Дана Уайт Twitter баракчасына жарыялады.

«Ал расмий түрдө 100 пайыз карьерасын токтотту. Сенин иш аракеттериңе көз чаптыруу өзү керемет. Баардыгы үчүн сага рахмат досум, алдыдагы боло турчу нерселерден ырахат алышыңды каалайм», — деп жазган ал.

Ошондой эле мушкер промоутерге жана UFC командасына өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Дана, сенин мага кылган мамилеңди эч качан унутпайм, атам унуткан жок, а менин балдарым сени дайым эстеп жүрүшөт», — деп Instagram баракчасына жазган.

Нурмагомедов UFC курун 2018-жылы америкалык Александр Джей Яквинта менен кармашып, жеңип алган. Андан кийин ирландиялык Конор Макгрегор, америкалыктар Дастин Пуарье жана Джастин Гейджиге каршы күрөштө үч жолу титулун татыктуу коргоп калган. 2020-жылы октябрда болгон таймашта Гейджини жеңгенден кийин, ушуну менен карьерасын токтотуу чечимин кабыл алган.

Жалпысынан, аралаш мушташ боюнча Хабиб Нурмагомедов 29 беттештин биринде дагы жеңилүү азасын тарткан эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793