Пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй райондук ИИБ кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
2021-жылдын 18-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык иш-аракеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында, КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Чүй облусунун Токмок шаарынан 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда Чүй райондук ИИБ ага тергөөчүсү А.у.Ч. кармалды.
Такталган боюнча, кармалган адам алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн жергиликтүү тургундан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгын аныкталды.
Аталган факт КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган А.у.Ч. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.