Азиз Аалиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.