Селден улам Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Белгилей кетсек, Баткендин Ак-Татыр айылында сел жүрүп, 108 адам коңшу айылга көчүрүлгөн. Алардын 40ы — жаш балдар. Суу турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду жана айыл чарба жерлерин каптаган.
11-июлдун таңына карата Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде 14 техника жана 7 мотопомпа менен 121 куткаруучу иштеп жатат.