Кыргызстандын курамасы 12-июль күнү Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын 20 жашка чейинки жаштар арасындагы футбол чемпионатынын финалында Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келет.
Буга чейин орун алган тайпалык баскычтын жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 4 упайга ээ болуп, финалга чыккан.
Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда өтүдө. Мелдештин 5-6-оруну үчүн беттеште Ооганстан жана Түркмөнстан курамалары ойноп, 3-4-орун үчүн оюнда Тажикстан жана Өзбекстан курамалары кез келет.
Чемпиондук наам үчүн финалдык беттеш саат 21:00до орун алат. Оюнга билеттер kassir.kg сайтында жана стадиондун кассаларында жеткиликтүү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram