7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Бука районунда жаңы ФАПтын имараты пайдаланууга берилди

543

Бүгүн Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагына караштуу Кажар айылында заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылышы болуп өттү.

Аталган иш-чарага Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Руслан Айтбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Ашырбаев, айыл өкмөттөрүнүн жана мекеме ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Райондун акими Руслан Айтбаев жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, өз сөзүндө жарандардын ден- соолугуна кам көрүү- мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экендигине токтолуп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Эрнис Ашырбаевге Ала-Бука районунун Ардактуу атуулу наамы ыйгарылды.

Эскерте кетсек, “АС-САФА” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен сметалык баасы 2 млн сомду тузгөн фельдшердик акушердик пунктунун имараты курулуп, пайдаланууга берилди.

 

544