Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо өлкөдө коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы активдүү күрөшүү маанилүү экени баса белгиленди. Акыркы жылдары экономикалык өсүштүн эсебинен материалдык-техникалык база чыңдалып, Ички иштер министрлигинин автопаркы 95 пайызга жаңыланды. Ошондой эле 200дөн ашуун ар кандай багыттагы объект курулуп, Милициянын көчмө кабылдамалары, Санариптик эксперттик борборлор ачылып, өлкө боюнча 10 миңден ашык видеокамера орнотулду. Бул аракеттердин натыйжасында кылмыштардын катталуусу 78 пайызга, ал эми одоно тартип бузуулар 69 пайызга азайган.
Мындан сырткары, кызматкерлердин социалдык абалы жакшыртылып, айлык маяналары эки эсеге, ал эми Баткен жергесинде төрт эсеге жогорулады. 2021–2026-жылдары 724 милиция кызматкери батир менен камсыз болду.Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев ардагерлердин тажрыйбасы менен насаатына ыраазычылык билдирип,бардык кызматкерлерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана жооптуу кызматына ийгилик каалады.



