Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Бишкек шаардык ИИББнын Кайгуул-күзөт кызматынын полкунда ИИМдин өздүк курамын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы кыргыз милициясы бир кылымдан ашуун убакыттан бери коомдук тартипти сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп келе жатканын белгиледи.
Ошондой эле акыркы жылдары ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, кызматкерлердин социалдык шарттары жакшыртылганын айтты.
Президенттин маалыматына ылайык, 1-декабрдан тартып ИИМ кызматкерлеринин айлык акысы, ардагерлердин пенсиясы жогорулатылат.
Садыр Жапаров милиция кызматкерлери мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү сактап, өз милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарышы керектигин баса белгиледи.
“Милиция кызматкери болуу – өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип”,-деди Президент.




