7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын башкы эсепчиси пара менен кармалды

515

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын бухгалтеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

25-июлда «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 40 миң сом паранын бир бөлүгүн алуу учурунда Ветеринардык кызматтын Бишкек башкармалыгынын башкы эсепчиси М.Н.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгаруу максатында кийин КР Эсептөө палатасынын кызматкерине өткөрүп берүүгө арналгангандыгы аныкталды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

 

 

 

516