7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оор турмушта жашап жаткан жалгыз бой энеге эл үй салып берди

461

Баткенде үч баласы менен оор турмушта жашап жаткан жалгыз бой энеге жашоочулар үй салып берди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Аял күйөөсү каза болгондон кийин тамы жок, оор турмушка кабылган. Анын ден соолугу начар.

Алгач, бул үй-бүлөгө өкмөт Төрт-Гүл айыл өкмөтүнөн 12 сотых жер бөлүп берген. Ал эми «Жакшылык чөйрөсү» коомдук кайрымдуулук фонду үй куруп берүү демилгесин көтөрүп, 1,5 ай ичинде элден, жергиликтүү ишкерлерден 1,5 миллион сом топтогон.

Бул суммага жалгыз бой эненин улуу баласы да тапкан акчасын кошкон. Ошентип, көпчүлүктүн күчү менен 3 бөлмөлүү үй бардык шарттары менен курулуп бүттү.

 

462