7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаев менен жакын байланышы бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

424

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин материалдары туралуу тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлугүн, криминалдык чөйрөдө «Тапанча» деп таанылган жеке ишкер И.Б.Б. тарабынан каржылоо фактысы аныкталды.

И.Б.Б. маркум кримтөбөл К. Асанбек менен жакын байланышы бар болуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуу менен Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аффилирленген жактар аркылуу «Голубой Иссык-Куль» жана «Кыргызское Взморье» пансионаттарына жакын жайгашкан пляждык зоналарды көп санда тариздегени такталды. Кымбат кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү алууда, бир нече ишкердик субъекттерин ачууда, И.Б.Б. өзүнүн социалдык статусун жана финансылык абалын жакшырткан. Ошону менен бирге, ал мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн К. Асанбектин «ууру казынасын» толуктоого байма-бай жумшаган.

Мындан улам, 7-августта КР жараны И.Б.Б. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

425