7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атамбаевдин мурдагы жансакчысынын кармалуусу боюнча УКМК маалымат берди

422

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Мамбеталиев Эркинбек Шамытаевичтин, кримтөбөл Рысбек Акматбаевге, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, Эркин Мамбеталиев Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин криминалдык чөйрөсүндөгү кылмыштуу байланыштарын жана өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоо көрсөтүүсү менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталган.

Э.Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат берүүчү документтери жок болгон.

Уюшкан кылмыштуу топко катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери тарабынан тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада ок атуучу куралдардын арсеналы толугу менен алынып, 4 млн.АКШ долларынан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөр аныкталды.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топко катышуу) боюнча Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

 

423