УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев боксчу Мунарбек Сейитбек уулу менен сүйлөшүп, ага колдоо көрсөттү.
«Болбой баратса тиштенип туруп, ачууңду келтирип, кыргызча согушуп кел, макулбу? Биз сага ишенебиз. Сен биздин баатырыбызсың. Кыргызстандыктардын намысы азыр сенин колуңда турат.
Сейитбек уулу болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты жеңип, Париж Олимпидасынын финалына өткөн биринчи кыргызстандык боксчу аталды.
Бүгүн Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль үчүн күрөштө өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешет.