7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атадагы турнирде улакчы аттан кулап, тез жардам алып кетти

1583

Бүгүн, Нооруз майрамына карата Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо, улуттук көк бөрү оюну боюнча, республикалык турнирдин биринчи лигасы болуп жатат.

Талас облусунан  келген «Кара-Буура»  менен  Ысык-Көлдүн «Жети-Өгүз» командасы беттешип жаткан учурда, оюнчулардын бири аттан жыгылып, тез жардам чакыртылды.

«Спутник» жазган маалыматка ылайык жыгылган оюнчу «Жети-Өгүз» командас ынан Руслан Чыныбек уулу. Ордунан тура албагандыктан тез жардам унаасы алып кеткен. Абалы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

Оюнчу жерден улакты эңип алып чыгаарда каршылашы Ниязбек Мадалбек уулу капталдан урган.

Белгилей кетсек, Республикалык турнирдин биринчи лигасына 21 команда катышкан. Натыйжада, Таластан келген «Кара-Буура» 2:1 эсебинде «Жети-Өгүздү» жеңип алды.

Биринчи орунга 100  000 сом, экинчи орунга 50 000 с, үчүнчү орунга 30 миң коюлган.

 Ал эми, турнирдик беттеште, Достук менен Ынтымак беттешет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1584