7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын айкели жасалды

675

Кытайдын Сямынь шаарынын тургуну АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын айкелин жасады. Бул тууралуу «ABC News» кабар агенттиги билдирди.

Айкелди жасоодо сүрөтчү Будданын элесин тандап алган. Көрүнүп тургандай, халатчан Трамп мандаш токунуп, сыйынуу абалында отургандай сүрөттөлгөн.

Автордун айтымында, айрым видеолордо Американын мурунку лидери бардык нерсени билген адамдай көрүнөт, ошондуктан ал аны «эч ким андан ашып түшпөй турган абалда» чагылдырууну чечкен.

«Ким эмне ойлосо да, Трамп ийгиликтүү. Анын аты аталган кандай гана майда нерсе болбосун, чуу жаралып, эл арасында абдан талкууга алынат. Бирок бул эмгек тынчтыкты тартуулайт. Анткени айкел менен Трамптын инсандыгы бири-бирине карама-каршы келет. Менин оюмча, эки башка образды дал келтирүү өзгөчө кызыктуу болду», — деген оюн билдирген сүрөтчү.

Ошол эле учурда, ал бул чыгармачылыгына саясий таңуулоого койбоону баса белгиледи.

Ойлонуп отурган Трамптын айкели интернетте абадай эле тарады. Сүрөтчү айкелдерди 150 жана 610 долларга сатарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

676