7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда полигонго түшкөн мини-дрондун кулашынын себеби айтылды

620

Тамчы айылынын аймагына Балыкчы шаарындагы полигондо машыгуу учурунда колдонулуп жаткан тактикалык мини-дрон кулады. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, дрон Тамчыдагы аэропортко конуп бара жатканда белгиленген жерге жетпей кулап, күйүп кеткен. Аталган окуяда Чек ара кызматынын куралдануусундагы чалгындоо жүргүзгөн жана сокку урган учкучсуз учуучу аппараттардын бири да, анын ичинде Bayraktar кырсыктаган эмес. Алардын баары белгиленген тапшырманы аткарууга даяр турат.

Жабыркагандар жок. Сыноо жүргүзүп жаткан адистердин тобу окуянын себебин иликтемекчи.

Учурда Тамчы аэропортунун аймагы күйүп кеткен мини-дрондун калдыктары тазаланып жатат.

 

 

621