7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эң көп киреше тапкан актрисалардын бири». Эмма Стоун тууралуу фактылар

228

Белгилүү актриса Эмма Стоун 1988-жылы 6-ноябрда Америкада жарык дүйнөгө келген. Ал дүйнөдөгү эң көп акча тапкан актрисалардын бири. Бул макалада Эмма тууралуу маалыматтарды топтодук.

1. Эмма Стоун анын чыныгы аты эмес.
Анын чыныгы аты Эмили Стоун. Билбегендер үчүн, АКШ киноактер гильдиясына катталганда, башка актерлор менен бирдей атка ээ боло албастыгын билген. Болочок «Оскар» лауреаты уюмга каттоого барганда, ал тизмеде дагы бир Эмили Стоунду тапкан. Бул аны жаңы профессионалдуу ысым алууга муктаж кылган. Ал Райли Стоун жана Эмили Дж. Стоун деген аттар жөнүндө ойлонгон, бирок, баарыбыз билгендей, аягында Эмма Стоун деген атты алды.

2. Эмма тасмадагы сөзүн өзү жазган.
Актриса, ырчы, бийчи жана «Оскар» сыйлыгынын лауреаты катары таанылган Эмма Стоунду эми спичрайтер катары да атаса болот. “The Amazing Spider-Man 2” тасмасында анын каарманынын кинонун аягында жыйынтыктоочу сөзү таасирдүү жана ойго салган деп эсептелет. Эгер сиз аны көрүп, жазуучулар сөз мыкты иштешкен деп ойлосоңуз, анда жаңылып жатасыз, анткени аны Эмма өзү жазган.

3. Эмма тынчсыздануу жана паника  менен күрөшүп келет.
Психикалык ден соолук — бул маанилүү тема, бирок ал жөнүндө көп учурда чынчыл жана ачык айтылбайт. Стоун тынчсызданып, жети жашынан бери терапияда. Кээде өзүн жакшы сезгени, бул убактылуу эле. Актриса бир нече жолу катуу паникадан кыйналган. Ал бала кезинен бери «Мен өзүмдүн түйшүгүмдөн күчтүүмүн, жеңе алам” деп айтып келет. Өзү жазган кичинекей китебинин аталышы катары да бул сөздөрдү колдонгон.

4. Эмма актриса болуу үчүн ата-энесине презентация жасап, көрсөтүп берген.
Стоун ата-энеси менен Калифорнияга көчкөн. Актриса болууга  PowerPoint программасында «Голливуд долбоору» деген презентация жасаган. Анын ичине келечекте аткаруучу ырларынын рифмаларын кошкон.

5. Актрисанын эң түйшүктүү ролу

2014-жылдын аягынан 2015-жылдын башына чейин Стоун  жылдыз катары Бродвейде дебют жасап, “Кабаре” мюзиклында Салли Боулздун ролун аткарган. Ал муну «эң кыйналган, түйшүктүү ролум» деп атаган.  Ал эми, аны бул ролго психикалык жактан даярдоо үчүн француз радиосун угууга туура келген.

6. Эмма өзүнүн кумири катары Дайан Китонду атайт.

Стоундун жеке каармандарынын бири Дайан Китон. Эмма интервьюларында ага болгон сүйүүсүн көп жолу ачык жарыялаган. 2011-жылы Стоун Китонду коркутуп алуудан корккондугун билдирген. Себеби ал жөнүндө өтө көп жолу айткан. Стоун ага жолуккандан кийин көзүнө жаш алып, кубанган.

7.  Эмма Стоун — «Гарри Поттер» китептеринин күйөрманы.
Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн күйөрмандар сыяктуу эле, Стоун да Дж.К. Роулингдин сыйкырдуу ааламы, жана ал Хаффлпафф факультетине белгиленгенин да айткан.

8. Эмма 2017-жылы дүйнөнүн эң көп киреше тапкан актрисасы деп аталган. Эмма Стоундун ийгилиги каржылык жактан да таанылган, анткени ал “Forbes” журналынын 2017-жылы эң көп киреше тапкан актрисалар тизмесинин сап башында турган. Ошол эле жылы Эмманы “Time” журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон.

9. Стоун кызыл чачтуу эмес.
Стоундун чачынын табигый түсү сары, бирок режиссёр Джадд Апатоудун кеңеши менен аны кызылга боёгон, ошондон кийин бул өңдү жактырып, дайыма кызыл түсткө боёп жүрөт.

10. Сыйлыктары
Эки «Оскар», эки “British Academy Film Awards” жана эки «Алтын глобус» сыйлыктарын алган.

 

 

229