7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Байге фонду 1 млн сом”. Бишкекте II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат өтөт

530

21-22-23-августа Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан Каба Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу жана II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионаты өтөт.

Аталган иш чараны Дене-тарбия жана спорт департаменты менен Республикалык Кыргыз Күрөш федерациясы жана Эл аралык Кыргыз Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Азыркы күндө 30 дан ашык мамлекет каттоодон өтүп, 200 дөн ашык спортчулар келип күч сынашат. Тактап айтсак Президенттин Кубогунда Америка, Африка, Европа жана Азия мамлекетринин алптары күч сынашат.

Ал эми кубоктун жалпы байге фонду 1 000 000 сом жана баш байге балуу таштар менен шөкөттөлүп жасалган калкан.

Кыргыз Күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна мамлекеттин атынын эки балбан катышса, II дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионатына он алты балбан жана кыз-келиндер арасында алты балбан кыздарыбыз күч сынашары такталды. Дүйнөнүн он жети чемпиону, Европаныны эки чемпиону, Азиянын сегиз чемпиону, Көчмөндөр оюнун эки чемпиону жана жети өз мамлекеттеринин чемпиондорунун катышуусу күтүлүүдө.

531