7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек

457

Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилди.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык мүнөзгө ээ.

Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

458