Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер Бишкектеги ооруканага алып келинди.
Буга чейин айтылгандай Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен милициянын кайгуул кызматкери аман-эсен ИИМдин жана дарыгерлердин коштоосунда Бишкек шаарындагы Республикалык ооруканага алынып келинди.
ИИМдин ЖКККББнын жетекчиси кайгуул кызматынын кызматкерине кырдаалга карабай жардамын көрсөтүп жаткан дарыгерлерге жана жакын туугандарына терең ыраазычылыгын билдирди.