7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда 52 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

611

Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы 52 млн 800 миң сомдук 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Такталгандай, буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы балдар лагерин куруу үчүн Кара-Кулжа токой чарбасы тарабынан 10,56 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок, 1992-жылы балдар лагери бардык инфраструктурасы жана жабдуулары менен Ош тамеки комбинатына сатылып, Төлөйкөн тамеки заводунун (тамеки иштетүүчү завод) балансына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда бул лагерь иш жүзүндө иштебей, кароосуз калган.

Тиешелүү иш-чаралардын комплексин өткөрүүнүн натыйжасында «Ош-Дубек» ААК аталган жер тилкесин өз ыктыярлары менен мамлекеттин балансына өткөргөн.

 

 

 

612