7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкерине 50 миң доллар пара берип жаткан жеринен ишкерлер кармалды

307

УКМК кызматкерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда тоо-кен тармагындагы ишканалардын ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. кармалды.

Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Буга чейин аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.

23-августта  «П.А.Т.» ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 000 (элүү миң) АКШ доллары суммасындагы паранын бир бөлүгүн КР УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда кармалды.

Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

308