7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнө карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

215

26-августта Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу,   элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды.

Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. Анын ичинде өлкө башчысынын тапшырмасы менен аймактарда өткөрүлгөн элдик жолугушууларда айтылган кемчиликтер айтылып, аларды тез аранын ичинде мыйзам чегинде карап, чечип берүү керектигин тапшырды.

«Урматтуу менин орун басарларым, жогоруда аталган кемчиликтерди жоюу максатында, кураторлук жүргүзгөн региондор боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштуруңуздар. Бир дагы жарандын арызы жана жеке кайрылуусу кароосуз калбашы керек деген принципте иш алып барууну тапшырам.

Сентябрь жана октябрь айларында жеке өзүм бардык региондорду кыдырып чыгам. Кайсы жетекчи эмне жумуш жасап жаткандыгын жеринде көрүп, ошол эле учурда элге жолугуп, тиешелүү жумуш алып барбаган жетекчилерге координалдуу чечим кабыл алына тургандыгын эскертем»,-деди ИИМ башчысы.

Ошондой эле, 31-августта өтө турган Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап, жарандарга сылык мамиле кылууларын тапшырды. Маданий иш-чаралар өткөн жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын дагы күчөтүү керектиги айтылып, ар бир жетекчи кол алдындагы кызматкерлерин көзөмөлгө алууларын эскертти.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн кеңешинин жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп, аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

 

216