7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы корпус ишке берилди

411

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирет.

Жаңы корпуста гемодиализ, эндокринология, нефрология бөлүмдөрү, реанимациялык керебеттер, кичи операциялык бөлмө жайгашкан. Ошондой эле балдар үчүн төрт, чоңдор үчүн үч жаңы гемодиализ аппараты, суу тазалоочу система орнотулган.

«Көп жылдар бою биздин бөлүмдөр, тактап айтканда, гемодиализ бөлүмү оор шарттарда, эскирген жабдуулар менен иштеген. Эми кичинекей бейтаптарыбызды дарылоо жана реабилитациялоо үчүн бизде бардык зарыл болгон ресурстар бар деп сыймыктануу менен айта алабыз», — деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Имаратта заманбап коммуникация системасы орнотулуп, ар бир бөлмөгө даараткана, душ салынып, бейтаптар жана медиктер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

412