«Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабаган 25 адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Шектүүлөр аталган пункта Кытайдан Кыргызстанга импорттолуучу бардык товарларды, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Каратай» бажы тариздөөчү жерге чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.
Кол салуу фактысы боюнча кармалгандар УКМКга жеткирилип, учурда тергөө иштери уланып жатат.