7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси кармалды

377

УКМК тарабынан 12-сентябрь күнү «Альянс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды.

Атайын кызматтан билдиргендей, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.

Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. тарабынан жасалган мыйзамсыз иштердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

378