7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Казакстанга жөнөп кетти

438

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, иш сапары менен Казакстан Республикасына “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

 — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

 — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

 — Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;

 — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;

 — Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

 — Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

 

439