Бүгүн, 17-сентябрда кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам — унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, чек ара посттору Кытайда «Күз ортосу майрамын» майрамдоого байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.
Белгиленгендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынан адамдарды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.