7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда төртүнчү чейректен тарта бардык мектептер ачылат

1243

Төртүнчү чейректен тарта бардык мектептер ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Учурда ЖОЖдорду да оффлайн форматка өткөрүүнүн алгортми иштелип жатат. Этап-этабы менен ачылууда.

«Эгерде оору күчөй турган болсо же мектептен илдет аныкталса ал мекеме дароо жабылат. Дагы да жайыла турган болсо, район жабылат. Бир мектептин айынан республикадагы бардык мектептерди жаба турган болсок, анда бул кырдаалдан 2-3 жылдап чыкпай калышыбыз мүмкүн», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, онлайн билим берүүгө бардык мамлекет өтө алган жок. Кыргызстан бир жуманын аралыгында онлайн окутууну бир жолго сала алганы мактоого татыктуу. Өлкө бул жагынан чөлкөмдө алдыңкы орунда.

Бирок онлайн форматта окутууда жетишпестиктер да орун алды. Айрыкча, мугалимдерге эки эсе оор болду. Окутуунун сапатына билим берүүнүн сыртындагы факторлор( гаджеттер, интернеттин сапаты) да тасирин тийгизди. Мындан улам мектептерди салттуу билим берүүгө өткөрүү замандын талабы жана ал оңойго турган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1244