7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата райондук милициясынын мурдагы башчысы кармалды

441

Ысык-Ата райондук ИИБнын мурдагы башчысы жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.К.га  Жээк айыл өкмөтүндөгү эс алуу аймагы үчүн 2 га айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, “A.R.Z.” эс алуу борбору уюштурулган.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

 

 

442