7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: «Калктын көйгөйүн чече албаган акимдер ордуларын бошотушсун!»

3260

Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда өкмөт башчы акимдерди кызмат ордуларынын жоопкерчилигин сезе билүүгө чакырды.

Марнипов район акимдеринин инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, ишенилген аймактардын экономикалык жагымдуулугун камсыздоо, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесиндеги натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Эгер акимдер калктын көйгөйлүү маселелерин тийиштүү деңгээлде чече албай жатса, анда алар топтолгон маселелерди чечүү үчүн мотивациясы, ниети жана билими жетиштүү жактар үчүн ордун бошотуусу керек», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3261